Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Айзаданын өлүмү: Күбөлөр кылмышкерди кармоо планы дароо жарыяланбаганын айтышты


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу иште шалаакылыкка айыпталып жаткан мурдагы милиция башчысынын сотунда күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу бүгүн 18-августта “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Жактоочунун айтымында, соңку отурумда ошол кезде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган кызматкер көрсөтмө берди.

“Ал “Перехват” планын мен киргизүүгө милдеттүү эмес болчумун. Себеби мен киргизген учурда да алар башка районго өтүп кетишсе, натыйжа болбойт эле деп айтты. Бирок ал деле киргизсе болмок. Шаардык милициянын жетекчисине эртеден баштап чалып, маалымат берип турушкан. Бирок ал “Перехват” планын киргизген эмес”, - деди жактоочу.

Адвокаттын айтымында, кийинки отурум 24-августта өтөт, анда да күбөлөр суралат, күбөлөрдүн баары ошол кезде милициянын тийиштүү бөлүмдөрүндө иштеп тургандар.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 12-июлдагы отурумда айыптоо корутундусу окулган, Матмусаев ага тагылып жаткан айыпты мойнуна албай турганын билдирген.

2021-жылдын 5-апрелинде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы үч адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмүнө байланыштуу иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.

Кызды көчөдө кетип бараткан жеринен кармап, уурдап кетишкен окуянын видеосу жарыяланганына карабастан аны эки күн таба албай коюшкандан кийин коомчулукта милициянын дарегине кескин сын айтылган. Ондогон милиция кызматкерине "шалаакылык" деген берене менен иш козголгон. ИИМ 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясын ошол кезде жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG