Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунда лотереяны мыйзамсыз уюштургандар кармалганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-августта билдирди.

УКМК милиция менен чогуу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну К.у.К. жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар кармалган. Уюштуруучулар жалпы баасы 8 миллион сомдон ашкан 2 миң 800 билет саткан. Алар лотереяны YouTube аркылуу ойнотуп, төлөмдөрдү онлайн түрүндө алышкан.

Бул факты боюнча “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

“Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК быйыл март айында ушундай эле кылмышка шектелип Ош облусунун эки тургуну кармалганын билдирген.

"Лотереялар жөнүндө" мыйзамга ылайык, лицензия албай туруп Кыргызстандын аймагында лотереяларды ойнотууга тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG