Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

19-августтун аба ырайы


Жети-Өгүз району.
Жети-Өгүз району.

19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 32…34° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG