Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Ысык-Көлдүн акими иштен кетти, Тоң жана Ак-Суунун акимдери сөгүш алды


Ысык-Көл, иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл, иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти. Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирди.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Түп районунун акими Каныбек Абдиев дагы кызматын тапшырды, бул маалымат азырынча расмий ырастала элек.

Жаныбек Кожоев алты айлык ишинин жыйынтыгы менен начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилгенин бышыктады.

"Азаттык" бул эки райондун акимдери менен байланышууга аракет жасады, бирок азырынча жооп алалган жок.

Калыбек Жумадылов менен Каныбек Абдиев аким кызматтарына президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалышкан. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG