Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Орусия Черниговдун борборуна сокку урду, курман болгондор бар


Чернигов. 19-август, 2023-жыл
Чернигов. 19-август, 2023-жыл

Орусиянын армиясы 19-августта эртең менен Украинанын Чернигов шаарын аткылады.

Чернигов облустук администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус Телеграм аркылуу билдиргендей, шаар баллистикалык ракета менен аткыланды деген божомол бар.

Украин маалымат каражаттары өз булактарына соккуда каза тапкандар жана жараат алгандар бар экенин жазды.

Черниговдун мэринин милдетин аткаруучу Александр Ломако алты киши курман болуп, 11ден ашыгы ар кандай жараат алганын кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тартылган видеону жарыялады.

"Орусиянын ракетасы шаардын борборуна түштү. Аянт, Политех, театр. Кадимки ишембини Орусия жоготуу менен кайгыга айлантты. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар", – деп жазды ал.

Буга чейин Украинанын Аскердик аба күчтөрү Чернигов, Полтава, Сумы облустарына ракеталык чабуул болушу ыктымалдыгын эскерткен. Кийинчерээк Чернигов облусуна дрон соккусу күтүлүп жатканы тууралуу кабар тараган.

Москва соккулар тууралуу билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG