Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Маңзат боюнча кармалган милиция кызматкерлери эки айга камалды


Кармалган беш милиционердин сүрөтүн УКМК жарыялады.
Кармалган беш милиционердин сүрөтүн УКМК жарыялады.

Маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Соттун чечими менен алар 15-октябрга чейин атайын кызматтын убактылуу тергөө абагында болушат.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү", "опузалап пара талап кылуу" жана "кылмыш чөйрөсүн түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголгону маалымдалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, милиция кызматкерлер синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныктап, аларды кармаган учурду телефонго тартып алып, камай турганын айтып, акча өндүрүп жүрүшкөн.

"Коркутуунун жана психологиялык басымдын астында милиция кызматкерлерине 20 миң сомдон беш миң долларга чейин берүүгө мажбур болушкан. Тергеп-иликтөөдө соңку эки жылда ушундай 200дөн ашык окуя тууралуу маалымат алынды", - деп билдирген УКМК.

Мунун алдында ИИМ маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу алты жетекчи кызматтан алынып, 18и тартип жазасына тартылганын билдирген.

Министрликтин басма сөз кызматы милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев, анын орун басары Кылычбек Жолдошов, Бишкек шаардык жана Чүй облустук милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчылары Мухтарбек Токтогулов менен Азамат Имангазиев кызматынан алынганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартип жаза чарасы колдонулду. Маселе министрликтин коллегиясынын кезексиз жыйынында каралды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG