Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Курск шаарындагы темир жол бекетинде жарылуу болду


Курск облусунун губернатору Роман Старовойт.
Курск облусунун губернатору Роман Старовойт.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын Курск шаарындагы темир жол бекетинин аймагында жарылуу болду. Беш адамдын денесине айнектин сыныктары кирип, жеңил жараат алышты. Облус бийлигинин кабарлашынча, жарылууга Украинанын дрон чабуулу себеп болгон. Курск облусунун губернатору Роман Старовойт билдиргендей, дрон вокзалдын чатырына түшүп, натыйжада өрт чыккан.

Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп, жабыр тарткандарга көмөк көрсөткөн.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Москва облусунда учак тибиндеги дагы бир дрон атып түшүрүлдү. Ал Москва шаарына багытталган болушу ыктымал.

Жекшембиде Ростов облусунунун губернатору Василий Голубев үч "жанкечти" дрон жок кылынганын жазган. Алардын экөө Каменскидеги аскер бөлүгүнө жакын, бирөөсү Новошахтинскиден алыс эмес жерге түшкөн. Эч ким жараат алган эмес.

Курск шаары жана облусу, ошондой эле Орусиянын Украина менен чектеш башка аймактары акыркы мезгилде тез-тез артиллериялык аткылоого жана учкучсуз учактардын чабуулдарына дуушар болууда. Киев бул боюнча комментарий бере элек

XS
SM
MD
LG