Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Нигерде хунта үч жылда жарандык башкарууга кайтарын билдирди


Абдурахман Тчиани
Абдурахман Тчиани

Хунтанын башчысы Абдурахман (Омар) Тчиани телекайрылуу жасап, аскерлер өлкөнү жарандык башкарууга үч жылда кайтарарын айтты. Генерал планын жарыялаган жок, бирок өткөрүү принциби бир ай ичинде хунта уюштура турган диалогдун жыйынтыгы менен аныкталарын белгиледи.

Тчиани бул кайрылуусун Батыш Африка өлкөлөрүнүн Экономикалык жамаатынын лидерлери Ниамейге келген учурга туштай жасады. 19-августта уюмдун өкүлдөрү кулатылган президент Мохамед Базум менен жолукту. Экономикалык жамааттын жогорку деңгээлдеги өкүлү уюмдун ыкчам чара көрүү контингенти хунтаны кулатуу үчүн аскердик операция баштоого даяр экендигин билдирген, бирок кризисти тынчтык жолу менен чечүү жолуна артыкчылык берилген.

Нигерде июль айынын соңунда аскердик төңкөрүш болуп, анын башында турган генерал Тчиани 28-июлда өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жарыялаган.

Маалымат каражаттары жазгандай, бийликке эки жыл мурда, өлкөдөгү алгачкы демократиялык шайлоонун жыйынтыгы менен келген президент Мохамед Базум президенттик сарайдын жер төлөсүндө камалып турат. Куралдуу козголоңчулар Базумду "мамлекетке чыккынчылык кылган" жана "улуттук коопсуздукка доо кетирген" деген айыптар менен соттоону көздөп жатканын билдирген. АКШ, БУУ жана Батыш Африка мамлекеттеринин лидерлери бул кадамды айыптаган.

Буга чейин Вашингтон козголоңчулардын лидерлери менен Нигерде конституциялык тартипти орнотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес.

23 миллион калкы бар Нигер - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири. Өлкө аймагынын 80% Сахара чөлүндө жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG