Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстанда чеченстандык активист Мансур Мовлаев кармалды


Мансур Мовлаев.
Мансур Мовлаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 20-августта Кыргызстанда чеченстандык активист Мансур Мовлаевди кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин адвокаты Илгиз Насыров жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилова билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Мансур Мовлаев “Манас” эл аралык аэропортунан кармалганын жазды. Бирок адвокаты алдын ала маалымат боюнча, ал Ысык-Көлдөн кармалганын, 21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралары күтүлүп жатканын айтты.

“Мансур Мовлаев Орусиядан Казакстанга андан кийин Кыргызстанга өтүптүр. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын Кыргызстанда турак жайы, каттоосу, паспорту да жок экен”.

Илгиз Насыровдун сөзүнө караганда, Мансур Мовлаевге айып пул салынышы мүмкүн же эки жылга чейин абакка кесилет.

VC.RU сайтындагы маалыматтар боюнча 28 жаштагы Мансур Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чеченстандык активисттин кармалышы тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG