Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

"Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Фестивалдын жеңүүчүсү Айна Калмаганбетовага Эдил Байсалов сыйлык тапшырып жатат.
Фестивалдын жеңүүчүсү Айна Калмаганбетовага Эдил Байсалов сыйлык тапшырып жатат.

18-августта Чолпон-Ата шаарында башталган III эл аралык “Мейкин Азия” фестивалы жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, фестивалга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Орусия, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу 16 жаш эстрада ырчылары катышкан.

Фестивалдын биринчи күнүндө катышуучулар өз эне тилинде ырларды жандуу аткарышса, 19- августта дүйнөлүк белгилүү ырларды аткарышты. Жаш аткаруучулардын талантын аныктоо үчүн эл аралык калыстар тобу түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев төрагалык кылды. Анын курамына Түркия, Түндүк Македония, Казакстан, Өзбекстан, Германия жана Орусиянын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү кирди.

Жыйынтыгында баш байгени казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип, 1- орунду кыргызстандык Руслан Асанкан жана Түндүк Кипрден келген Бегюм Текакпынар алды.

2-орунга Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония), 3- орунга Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан) татыктуу болду. Ал эми фестивалдын атайын сыйлыгы Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.

Баш байгеге 5 миң АКШ доллары жана атайын статуэтка, диплом, биринчи орунду багындарган жеңүүчүлөргө 3 миң АКШ доллары, атайын статуэтка, диплом, экинчи орунга 2 миң АКШ доллары, 3 – орундарга 1 миң АКШ доллары жана дипломдор тапшырылды.

Кыргызстан эл аралык “Мейкин Азия” фестивалын алгачкы жолу 2013-жылы, андан кийин 2015-жылы өткөргөн. Ар эки жылда өтөрү пландалган фестиваль 8 жылдан бери өтө элек болчу.

2013-жылы сынактын баш байгесин казакстандык атактуу ырчы Димаш Кудайберген жеңсе, 2015-жылы Бахрейнден келген ырчы Натали Аль-Ганем утуп алган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG