Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстан он чакты көмүр кенин Кытай менен бирге иштетмей болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү бир катар көмүр кенин кытайлык компаниялар менен биргелешип иштетмей болууда. Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда экономиканын көптөгөн багыттары боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн, жалпысынан 29 документке (1 миллиард доллардан ашуун суммадагы) кол коюлганын, анын тогузу көмүр тармагына байланыштуу экенин 19-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чек арадагы "Эркечтам" өткөрмө бекетине жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун жана "Торугарт" бекетине жакын жерге көмүр логистикалык борборун чогуу куруу боюнча келишимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары Ак-Улак, Беш-Буркан, Тегене, Торугарт, Торугарт 1, Сүлүктү 11 талаа, Каракабак-Балыкты көмүр кендерин биргелешип иштетүү ниети жөнүндө келишимдерине кол коюлду.

Жогорудагы келишимдер "Кыргызкөмүр" ишканасы менен кытайлык беш компаниянын ортосунда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегациянын Үрүмчүдөгү төрт күндүк иш сапары 19-августта жыйынтыкталды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалыматына караганда, энергетика, транспорт, фармакология, электромобиль чыгаруу жана логистика багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өткөн айда өкмөттө кышка даярдык каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл республиканын бардык аймактарында 549 отун базасы ачылышы керектигин, өлкөнү толук камсыздабай туруп, көмүр экспорттолбошу зарыл экенин эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG