АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.
18-августта Forbes журналы Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялаган.
АКШ президенти катта Мирзиёевди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.
Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы саммит АКШнын демилгеси менен пландалып жатканын ырастады.
Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19-сентябрга же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.
Буга чейин мындай форматтагы жыйындар АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда Борбор Азия мамлекеттеринде өткөн.