Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Ак-Сууда коңшусу зордуктаган деген аялдын экспертизасы чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда кошунасы кол көтөрүп, зордуктаган деген аялга жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, жабырлануучу аял зордукталганы ырасталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

“Жабырлануучу кыйноо фактысы боюнча Стамбул протоколун толтурган. Кылмышка шектүүгө кошумча “Кыйноо” беренеси менен айып коюу боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жөнөтүлдү. Шектүү зордуктоо жана денеге оор залал келтирүү боюнча айыпталууда”, - деди укук коргоочу.

Ал эми облустук милиция комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Бишкекке жөнөтүлгөнүн кабарлады. Ушул тапта козголгон кылмыш ишин Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тергеп жатат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Кылмышка шектүү райондук соттун судьясынын чечими менен үй камагына чыгып кеткен.

Коомдогу сын-дооматтан кийин шектүүнүн айыбы өзгөртүлүп, тергөө бүткөнгө чейин убактылуу кармоочу жайына камалган. Аны үй камагына чыгарган райондук соттун судьясы Абдисалам Мойдунов арыз жазып, кызматтан кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 2022-жылдагы маалыматы боюнча, сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөн.

Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келишет. (AsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG