Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

АКШ жана Борбор Азия лидерлеринин саммитине Жапаров да чакырылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда өтө турган саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду да чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка караганда, “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы саммит Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында өтөт.

18-августта Forbes журналы Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон ушундай эле мазмундагы катынын текстин жарыялаган. Катта АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19-сентябрга же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.

Буга чейин мындай форматтагы жыйындар АКШнын мамлекеттик катчысынын катышуусунда Борбор Азия мамлекеттеринде өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG