Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:11

Тайланддын мурдагы премьер-министри мекенине кайтары менен камалды


Тайланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинават Бангкок аэропортунда. Тайланд. 22-август, 2023-жыл.
Тайланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинават Бангкок аэропортунда. Тайланд. 22-август, 2023-жыл.

15 жыл чет жакта качып жүргөн Тайланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинават 22-августта мекенине кайтып келери менен камалды.

74 жаштагы миллиардерди жүздөгөн тарапташы аэропортто тосуп алышты.

Таксин 2001-жылы өкмөт башчылыкка келген. 2006-жылы ал аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал коррупцияга, кызматынан кыянат пайдаланууга айыпталып, 2008-жылы сыртынан сегиз жылга кесилген.

Кийин өкмөт башына анын карындашы Йинглак Чинават келген. Ал дагы 2014-жылы өлкөдө бийликке каршы күчөп жаткан нааразылык акциялардан улам кызматтан кеткен.

Саясат талдоочулар Таксин Чинават жаш курагына байланыштуу бийликтен ырайым берүүнү же шарттуу түрдө бошотууну суранарын боолгоп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG