Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Сары-Челек.
Сары-Челек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 20…22, күндүз 33…35 градус болот.

XS
SM
MD
LG