Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Акыйкатчы Москвада мигранттардын маселесин көтөрдү


Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. 14-октябрь, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Москванын Бирюлово районундагы полициянын рейди маалында кармалган мигранттар. 14-октябрь, 2013-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Москва шаарында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен бирге кыргыз диаспоралары менен жолушуу өткөрдү. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Акыйкатчы Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, “кара тизмеден” чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселерге туш болуп жатканын айтты. Омбудсмен айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгиледи.

Орусиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова мигранттардын көйгөйлөрү тийиштүү органдар менен талкууланып, чечилерин белгиледи.

Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.

Андан бери дагы тыкыр текшерүүлөр токтой электигин мигранттар айтып жатышат. Талдоочулардын айтымында, рейддердин башкы максаттарынын бири - мигранттарды депортация менен коркутуп, Украинадагы согушка жөнөтүү.

Орусияда миллионго чамалаган кыргызстандык эмгектенип жүрөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG