Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Пакистанда суу каптаган айылдардан 100 миңге жакын адам көчүрүлдү

Пакистандын Пенжаб провинциясында суу каптаган айылдардан 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматы 23-августта билдирди.

Үч күн мурун Сатлуж дарыясы ташып, көптөгөн айылдарды жана миңдеген гектар эгин талааларын каптаган. Куткаруучулар жашоочулар менен кошо мал-жандыктарды да коопсуз жакка алып чыгышты.

Пенжабдын башчысы Мохсин Накви жаан-чачындан улам Индиянын бийлиги суу сактагычтагы ашыкча сууну дарыяга кое берүүгө аргасыз болгонун, бул чек аранын Пакистан тарабында ташкындоого алып келгенин айтты.

Индия буга комментарий бере элек.

​
XS
SM
MD
LG