Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Киев Орусиянын ракеталык комплекси жок кылынганын билдирди


С-400 зениттик-ракеталык комплекси.
С-400 зениттик-ракеталык комплекси.

Украинанын чалгын башкармалыгы аннексияланган Крымда Орусиянын С-400 “Триумф” ракеталык комплекси талкаланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуунун натыйжасында комплекстеги ракеталар жана өздүк курам толугу менен жок кылынган.

23-августта эртең менен Крым жарым аралынын батышындагы Оленевка айылына жакын жерден тартылган коюу түтүндүн сүрөтү Telegram-каналдарга жарыяланган.

Жергиликтүү тургундар жарылуу болгонун билдиришкен.

Орус бийлиги буга комментарий берген жок. Бирок Орусиянын Коргоо министрлигине байланышы бар "Рыбарь" каналы С-400 эмес, С-300 жардырылганын маалымдады.

С-300 жардыруу болгон жерге 13 жыл мурда орнотулганы тууралуу маалымат Wikimapia сайтында бар экенин "Свобода" радиосу тактады.

Киев Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды жана башка оккупацияланган аймактарды толугу менен бошотуп алуу ниетин такай айтып келет.

XS
SM
MD
LG