Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Ноокатта эки жаран тамак-аштан ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды. Аларга акыркы лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен ботулизм диагнозу коюлганын Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров 24-августта "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар 18-августта үй шартында даярдалган консерваланган өрүк ширесин ичкенден кийин өзүн жаман сезип, жүрөгү айланган.

"21-августта Ноокат райондук жалпы дарыгердик практикалык борборуна жаткырылган. Бейтаптарга бардык медициналык жардам көрсөтүлүп, алдына ала ботулизм диагнозу коюлган. Учурда абалы туруктуу", - деп билдирди Маматаиров.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кофе-ресторандарда, үй шардында даярдалган тамак-ашка жапырт ууланган учурлар болгон. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жарандарды мындай учурлардын алдын алууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG