Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

Жапония "Фукусима-1" АЭСинен чыккан сууну океанга төгө баштады


"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.
"Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы суу сакталган резервуарлар. 13-февраль, 2021-жыл. Жапония, Окума шаары.

Жапониядагы 2011-жылы цунамиде жабыркаган атомдук электр станцияга операторлук кылган "Фукусима-дайити" компаниясы тазаланган радиоактивдүү сууну Тынч океанга төгө баштаганын билдирди.

24-августта түз ободо Tokyo Electric Power Company Holdings компаниясынын жумушчусу сууну кое бергени көрсөтүлдү.

Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана "айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин" айткан.

Ошол эле маалда айрым мамлекеттер буга тынчсыздануусун билдирген. Kyodo News басылмасы жазгандай, июль айында Кытай менен Орусия чогулган сууну бууга айлантуу вариантын карап көрүүнү сунушташкан. Расмий Бээжин ошондой эле жапон деңиз продукцияларын тыкыр текшерүүдөн өткөрүү талабын киргизди. Ал эми Түштүк Корея эч каршылыгы жок экенин, МАГАТЭнин бүтүмүн сыйлаарын билдирди.

Жапониянын өзүндө жана Түштүк Кореяда буга байланыштуу жарандык активисттердин каршылык акциялары өткөн.

2011-жылы цунамиден улам "Фукусима-1" атомдук электр станциясында болгон авариядан бери реакторлорду муздатуу үчүн колдонгон 1,3 миллион тонна суу чогулуп калган. Ал сууну тазалап, атайын резервуарларда сактап келишкен. Эми ал сууну төкпөсө, 2024-жылы ташый баштаары маалым болду.

2024-жылдын март айына чейин Жапония океанга 31,2 миң тонна суу төгүүнү көздөп жатат. Планга ылайык, резервуардагы суу менен деңиз суусун чабыштырып, андагы радионуклиддердин концентрациясын азайтышат. Андан соң атайын суу алдындагу тоннель аркылуу океанга кетиришет. Суу 30 жылдын ичинде толук төгүлүп бүтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG