Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы акыркы абал боюнча маалымат берди


Кыргыз-казак чек арасы, архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын чек ара кызматы 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат берди.

Ага ылайык, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилейт.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерден айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG