Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Ошто кош бойлуу аял күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы баласынан айрылды


Ош шаары, иллюстрациялык сүрөт.
Ош шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Кара-Суу районунда 33 жаштагы келин күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы беш айлык баласынан айрылды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 23-августта түнкү саат 23:30да райондук милицияга 33 жаштагы жаран оор жаракат менен ооруканага түшкөнү кабарланган.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. аттуу жаран өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Жабырлануучуну туугандары Ош облусттук төрөт үйүнө жеткизишкен”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция бычак жеген аял кош бойлуу экенин жана анын курсактагы баласы чарчап калганын билдирди.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин (“Кылмыш жасоого аракеттенүү”) 122 -беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде иш козголуп, шектүү камакка алынды.

Саламаттык сактоо министрлиги "Кабар" агенттигине аялдын абалы жөнүндө маалымат берип, ага операция жасалып, “абалы туруктуу оор” деп бааланууда экенин билдирген. Аялга бир нече жолу бычак сайылган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG