Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Кыйноолорго каршы борбор милициядагы кыйноо боюнча УКМКга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтып үч адам арыз жазганын билдирди.

Кайрылгандардын бири арызында 20-июлда милиция кызматкерлери аны ички иштер бөлүмүнө алып келип, саат түнкү он бирден таңкы төрткө чейин кыйноого алганын айтып берген. Ал милиция кызматкерлери уруп-согуп, башына уксус менен желим баштык кийгизип кылмышты моюнуна алдырганын айткан.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Кыйноолорго каршы улуттук борбор тараткан сүрөт.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор тараткан сүрөт.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор тараткан сүрөт.

Арыз жазган эки киши дагы милиция бөлүмүндө жогорудагыдай кыйноого кабылып, бири өзүнө, экинчиси атасына жана агасына каршы көрсөтмө бергенин айтып берген.

27-июлда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына кирип, арыз жазган адамдардын бири менен жолугуп, анын денесиндеги жаракаттарды каттаган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жөнөтүлгөнүн билдирди. Борбор кыйноого кабылдым деген адамдар кандай кылмышка шектелип кармалганын кабарлаган жок.

Ички иштер министрлиги же Сокулук райондук ички иштер бөлүмү бул боюнча комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG