Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Румыниядагы жарылууда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алды


Жарылуу болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.
Жарылуу болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Румынияда газ куюучу станциядагы жарылууларда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алды. Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия конушунда 26-августта кечинде болду.

"Азаттык" радиосунун румын кызматы кабарлагандай, жараат алгандардын саны 60ка жакын. Көбү куткаруучулар. Алар өрттү өчүрүү маалында күйүк алышкан.

Биринчи жарылуу кызматкерлер жаңы цистернаны станцияга туташтырганда болгон. Артынан өрт тутанып, дагы эки цистернаны каптаган. Эки сааттай убакыттан кийин экинчи жарылуу болгон.

Румынияда жарандык коргонуунун европалык механизми ишке киргизилип, оор абалдагы эки өрт өчүрүүчү аскердик учактар менен Брюсселге жөнөтүлдү. Дагы эки жаран Италияга жеткирилди. Австрия, Норвегия, Германия жана Болгария Бухарестке жардам сунуштады.

Жарылуу болгон жерден 3000ден ашуун тургун эвакуацияланды. Бухарест-Плоешти трассасында кыймыл токтотулду.

Окуянын себебин Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG