Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

WSJ: Украинанын коопсуздугуна кепилдик жөнүндө макулдашуу 2024-жылы түзүлүшү мүмкүн


НАТОнун Литвадагы саммити. 12-июль 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
НАТОнун Литвадагы саммити. 12-июль 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Кошмо Штаттар жана европалык өнөктөштөр Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктеринин үстүнөн иштеп жатышат. Бирок тиешелүү макулдашууларды түзүү 2024-жылга чейин аяктабашы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal өз булактарына шилтеме берип жазды.

Алардын маалыматында Киев менен сүйлөшүүлөрдү Вашингтон менен Лондон гана баштаганы айтылат. Жакын арада аларга Париж кошулушу керек. Гезит маектешкен булактардын айтымында, бул абдан татаал жараян. Азырынча тараптардын милдеттенмелери кандай болот деген маселеде орток пикир жок.

Басылма жазганына караганда, Европа АКШдагы шайлоону 2024-жылы Дональд Трамп жеңсе, ал Киевге бөлүнгөн жардамды кыскартып коет деп кооптонот. Андан тышкары европалыктар өздөрүнүн аскердик өнөр жайына зыян келтирбестен Украинаны колдоону улантууну көздөшөт.

Киев менен Вашингтон коопсуздук кепилдиктерин августта талкуулай баштаган. Кийин аларга Лондон кошулду. Украин бийлиги жыл аягына чейин алгачкы макулдашууларга жетишүүгө үмүт артып келди.

Президент Владимир Зеленский жакында курган маектердин биринде Израилдин үлгүсүндөгү кепилдиктерди алуу ниетин билдирген. Израил НАТОго кирбейт, андыктан альянс мүчөлөрү кол салуу болсо, ага жардам берүүгө милдеттүү эмес. Ошол эле маалда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөшү Вашингтондон аскердик жардам алып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG