Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

Отунбаева: Ооганстан дүйнөдөгү экологиялык талкууларга да чакырылбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстан дүйнөдөгү экономикалык же социалдык жыйындарга эле эмес, экологияга байланышкан талкууларга да чакырылбай калды. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы өкүлү Роза Отунбаева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Ал учурда Ооганстандын борбору Кабулда 15тей мамлекеттин элчилиги калганын, Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери коопсуздуктан улам коңшу өлкөлөрдө иш алып барып жатканын айтты.

“Мында сергек акыл менен иш жүргүзүү зарыл. Эмири "Биздин ислам – өзгөчө ислам" деп туруп алды. Буларга биз Ислам кызматташтык уюмун тартып, алар менен сүйлөштүрүп жатабыз. Бирок алардын аалымдары дагы эле эң туурасы биздики деп жаңылыш жолдо туруп жатышат”, - деген Отунбаева бул багытта сүйлөшүүлөр уланарын, БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш баш болуп, эл аралык уюмдар иш алып барып жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен Ооганстандагы катаал талаптар жеңилдетилген учурлар да бар.

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын август айында Ооганстандын бийлигин басып алган. Эл аралык коомчулук талибдер жетектеген өкмөттү тааный элек. Буга адам укуктары жаатындагы көйгөйлөр, анын ичинде кыз-келиндердин укуктарынын чектелиши да себеп болуп жатат.

Соңку эки жылда аялдардын укугу кыйла чектелди, кыздардын билим алышына тыюу салынды. Аялдар парк, жармаңке өңдүү коомдук жайларга, спорт залдарга бара албай калды жана такай чүмкөнүп жүрүүгө милдеттүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG