Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Адистерди Европада ишке орноштуруу боюнча меморандумга кол коюлду


Билим берүү жана илим министрлиги менен Литвадагы германиялык Heidelberg Materials Lietuva Betonas концерни меморандумга кол койду. 28-август, 2023-жыл
Билим берүү жана илим министрлиги менен Литвадагы германиялык Heidelberg Materials Lietuva Betonas концерни меморандумга кол койду. 28-август, 2023-жыл

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Литвада жайгашкан германиялык Heidelberg Materials Lietuva Betonas концернинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган ишкана бетон жана инерттик материалдарды өндүрөт.

Меморандумга ылайык, тараптар Евро биримдикке кирген өлкөлөрдө окутуу жана ишке орноштуруу үчүн адистерди тандоо, даярдоо боюнча кызматташат. Документке Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин демилгеси менен кол коюлду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орношту.

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, кулчулукка кабылгандар бар.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Германияда мезгилдүү жумушта иштеп жүргөн студенттердин арасында укугу бузулганын айтып арыздангандар көбөйгөнүн билдирген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, 1 миллиондон ашууну Орусияда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG