Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Президент "Барселона" академиясынын курулушуна капсула салды


Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салды. 30-август, 2023. Бишкек
Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын курулушуна капсула салды. 30-август, 2023. Бишкек

30-августта президент Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана "Барселона" (Barça) бренди менен мейманкана курулат.

Комплекстин долбооруна 1000 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп жана 700 орундуу бала бакча дагы кирет. Академияда 240-300 тарбиялануучу туруктуу негизде окуп, аймактардан дагы 2 миңге жакын бала футбол академиясынын секцияларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 10 млрд сомго жакын. Анын курулушун 2026-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүү пландалууда.

Курулушту баштоо аземине "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, ошондой эле каталондук команданын экс-оюнчулары катышты.

"Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкектеги курулушунун долбоору
"Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкектеги курулушунун долбоору


Мамлекет башчысы өз сөзүндө футболдук клуб Борбор Азияда биринчи жолу өз долбоорлорун ишке ашырып жатканын белгиледи.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган.

Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Бул күнү президент Садыр Жапаров "Барселонанын" президенти жана өкүлдөрү менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип жатканын айткан.

30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен ойнойт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG