Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Орок айылында жаңы стадиондун курулушу башталды


Садыр Жапаров Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушуна капсула салды. 30-август, 2023-жыл.
Садыр Жапаров Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушуна капсула салды. 30-август, 2023-жыл.

30-августта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.

Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Стадиондун беш кире бериши жана үч көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.

“Бүгүнкү бейпилчилик заманда эр-азаматтардын эркин бүлөп, ден соолугун чыңдоочу спорттун жаңы түрлөрү жаралды. Биздин уул-кыздарыбыз спорттун бир топ түрлөрү боюнча кыргыз байрагын эл аралык майдандарда бийик желбиретип келишет. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө спортко кызыккан, сергек жашоо образын карманган жарандарыбыз абдан көп. Футбол спортунун жүз миңдеген күйөрмандары “заманбап стадионубуз болсо” деген каалоо-тилеги көптөн бери айтылып келатты эле. Ушинтип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында кесипкөй футболчулардын, кыргыз футбол күйөрмандарынын, жалпы эл-журтубуздун кыялын ишке ашырууга кадам ташталды”, - деди президент.

Жапаров шаардын чок ортосундагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду жакшыртуу боюнча пландар бар экенин белгиледи.

Стадион куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында 20,78 гектар аянттагы жер тилкеси бөлүп берилген.

Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу өткөн жылы август айында башталарын мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин билдирген эле.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG