Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Быйыл 150 миңге чукул окуучу 1-класска барат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик 1-класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мекеменин билдиришинче, эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө же башкармалыгына кайрылышы керек.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылы 11-апрелде башталган жана 31-августта аяктайт.

Республика боюнча 2350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим бар.

1-сентябрга карата жаңы курулган 42 мектеп, төрт спорт залы колдонууга берилет.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген. Министр 30-августта "Биринчи радиого" курган маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG