Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

УТРКнын талкуу жараткан логосу алмашты


УТРКнын жаңы логосу.
УТРКнын жаңы логосу.

Улуттук телерадио корпорациясы медиа мекемеде ребрендинг башталганын социалдык тармактагы баракчасына 30-августта жарыялады. Анын алкагында каналдын буга чейин коомчулукта талкууга түшкөн логосу алмашканы белгилүү болду.

Корпорациянын карамагындагы дагы беш каналдын - “Маданият”, “Спорт”, “Ала-Тоо-24”, “Баластан”, “Музыканын” логотиптери алмашкан. Ошондой эле телеканалдын эфирлери 31-августтан тарта HD форматына чыга баштады.

“Улуттук телерадиоберүү корпорациясы техникалык модернизацияны баштады. Улуттук биринчи канал HD форматында обого чыгып жатат. Көп жылдан бери көрүүчүлөрдүн күткөнү да ушул эле. Андан тышкары бир нече эфирдик студия жаңыдан жасалгаланып жатат. “Баластан” телеканалынын эфирдик торчосунда мамлекеттик тилдин үлүшүн көбөйтүү маселеси колго алынды. Бул үчүн УТРКнын тапшырыгы менен балдар үчүн атайын анимациялык фильмдер жасалууда. Өспүрүмдөргө арналган контент түзүүдө мындай демилге биринчи жолу болуп жатат. Корпорациянын расмий сайты толук алмашып, жаңы жасалга менен дайын болду. Сайт аркылуу түз ободо теле эфирди жана радио эфирди көрүп, угууга шарт түзүлдү. Бул айрыкча чет жерде жүргөн биздин мекендештер үчүн өтө ыңгайлуу. Ошондой эле мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Смартфон аркылуу түз эфирди көрүп, угуп, ошондой эле жаңылыктарды окууга болот" деп билдирди УТРК.

Улуттук телерадио корпорациянын январь айында жаңыланган мурдагы логотиби коомчулукта сынга кабылган. “Политклиника” басылмасы улуттук каналдын логотибине фактчекинг жасап, ал Ооганстандын 1TV каналынан плагиат катары алынганын аныктап чыккан. Телеканалдын жетекчилиги муну четке кагып, лого сынактын негизинде тандалып алынганын айткан.

Коомчулуктагы талкуулардан кийин корпорациянын ошол эле логосунун айрым жерлери өзгөргөн.

Былтыр май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, коомдук каналдын макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн. Былтыр декабрда президент телеканалдын 90 жылдыгына арналган иш-чарада УТРКнын бюджети 397 миллион сомдон, 664 миллионго өскөнүн билдирген.

УТРКнын карамагында алты телеканал жана үч радио - "Кыргыз радиосу", Биринчи радио жана "Миң кыял ФМ" бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG