Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Йоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алды


Өрт өчүрүүчүлөр имараттын ичинен алып чыккан сөөктөрдүн жанында турушат. Йоханнесбург, Түштүк Африка. 31-август, 2023-жыл.
Өрт өчүрүүчүлөр имараттын ичинен алып чыккан сөөктөрдүн жанында турушат. Йоханнесбург, Түштүк Африка. 31-август, 2023-жыл.

Түштүк Африка Республикасынын баш калаасы Йоханнесбургда үй-жайсыздар ээлеп алган көп кабатуу имаратта чыккан өрт кеминде 63 адамдын өмүрүн алды.

Бул тууралуу 31-августта Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Маалымат катчы Роберт Мулаудзи билдиргендей, таң сүрүп калганда тутанган өрттөн 40тан ашуун киши жаракат алды. Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти.

Каза болгондордун арасында бир бала бар экени кабарланды.

Маалыматка караганда, борбордогу бош турган көп кабатуу имаратка үй-жайсыздар мыйзамсыз эле кирип алышкан. Ал жакта 200дөй адам жашашы мүмкүн экени айтылууда.

Азырынча тилсиз жоонун чыгышына эмне себеп болгону тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG