Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Тойтуков Миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Жаркынбай Тойтуков.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Жаркынбай Тойтуков.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы коомдук өкүлү болуп Жаркынбай Тойтуков дайындалды. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, ал учурда Новосибирск шаарында жашайт жана аймактагы кыргыз диаспорасынын башчысы.

Тойтуков 2009-2015-жылдары дагы аталган министрликтин коомдук өкүлү болуп иштеген.

"Министрликтин коомдук өкүлдөрү Кыргызстандын четте жүргөн жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын коргойт. Алардын милдети - эмгек мигранттарына ар тараптуу жардам жана кеңеш берүү, ошол өлкөдө жашаганга көнүп кетишине көмөктөшүү болуп саналат. Ошондой эле сыртта кыйынчылык-кысталыш жагдайда калган мекендештерге жардам беришет",-деп жазылган маалыматта.

Аталган министрликтин учурда чет өлкөлөрдө 96 коомдук өкүлү бар жана алардын 90у Орусияда турат. Германияда беш, ал эми Украинада бир коомдук өкүлү бар.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызтандык жаран бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG