Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго дан келишимин жандантууга байланыштуу сунуштардын топтомун жөнөттү. Анда "Москванын суроо-талабы эске алынганын" билдирди.
Алардын арасында дүйнөлүк базарды орусиялык азык-түлүк жана жер семирткич менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу дагы бар экенин белгиледи.
Ушул аптада Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин жолугуп, дан келишимин жандантуу маселесин талкуулары кабарланган.
Москва июль айында дан келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан жана мындай чечимин буга чейинки макулдашуудагы Орусиянын данын жана жер семирткичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганы менен негиздеген.
Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Москва Кара деңиздеги украиналык портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү ошондон бери үч жолу узартылган. Бул аралыкта Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолгон.