Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Орусия бийлиги дрондордун жаңы чабуулу тууралуу кабарлады


Псковдогу аэпоротко жасалган дрондордун чабуулунан кийин тутанган өрт. Сүрөт Осторожно Новости телеграм-каналынан алынган. 29-август, 2023-жыл.
Псковдогу аэпоротко жасалган дрондордун чабуулунан кийин тутанган өрт. Сүрөт Осторожно Новости телеграм-каналынан алынган. 29-август, 2023-жыл.

Орусиянын бийлиги 1-сентябрдын таңында дрондордун жаңы чабуулуна туш болгонун, анын ичинде баш калаанын жанына жана атомдук электр станция жайгашкан шаарга абадан кол салуу аракети жасалганын билдирди.

Москванын мэри Сергей Собянин калаага жакындап келаткан учкучсуз аппаратты абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөнүн Телеграмга жазды. Дрон Москванын түштүк-чыгышындагы Люберец шаарына жакын жерге кулаган.

ТАСС маалымат агенттиги Москвадагы Шереметьево, Домодедово жана Внуково ири аэропортторунда кыска убакытка учуулар токтогонун кабарлады.

Андан тышкары Курчатов шаары дрондордун чабуулуна кабылганын Курск облусунун губернатору Роман Старовойт 1-сентябрдын таңында билдирди.

Бул калаада Курск атомдук электр станциясы жайгашкан. Старовойттун айтымында дрондордун кол салуусунан административдик имарат жана карапайым тургундардын үйү жабыркады. Ал атомдук электр станцияга кандайдыр бир зыян келтирилгени тууралуу эч нерсе айткан жок.

Жалпысынан соңку бир суткада орус бийлигинин маалыматына караганда алты аймакта дрондор атып түшүрүлгөн. Брянск облусунда беш учкучсуз аппарат, Рязань жана Москва облустарында экиден, Орлов менен Калуга облустарында бирден дрон кулатылган.

Москва дрондордун чабуулун Киевден көрүп келет. Украинанын расмий бийлиги адатта Орусиянын ичинде болгон окуяларга комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG