Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

“Тунгуч” театры “Ромео менен Жульеттаны” тартуулайт


“Ромео менен Жульетта" спектаклинин баш каармандарын ойногон Өмүрбек Израилов менен Бегайым Асанакунова.
“Ромео менен Жульетта" спектаклинин баш каармандарын ойногон Өмүрбек Израилов менен Бегайым Асанакунова.

Жамал Сейдакматова атындагы “Тунгуч” жаштар театры 12-13-14-сентябрда кечки саат 18:30да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чоң залында Уильям Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” спектаклин тартуулайт.

Спектаклдин режиссёру - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров.

“Ромео менен Жульетта” спектаклинде ойноочу жаш актёр-актрисалар курамы.
“Ромео менен Жульетта” спектаклинде ойноочу жаш актёр-актрисалар курамы.

“Тунгуч” жаштар драма театрын 1989-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кино жана театр артисти маркум Жамал Сейдакматова негиздеген.

Театр жамааты 2017-жылы Лондондо өткөн “Ачык Борбор Азия” аттуу II эл аралык театр фестивалына Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин "Илегилек" спектакли менен катышып, “Алтын жоогазын” сыйлыгына татыган. Ошондо башкы ролду Жамал Сейдакматова, Таазим Үмөталиева, Имаш Ажыкул ойногон. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG