Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

ИИМ аймактар аралык кастыкты козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти


Көкбөрүнүн финалы аяктагандан кийинки чырда жети адам жараат алып, алардын бир ооруканага жаткырылган.
Көкбөрүнүн финалы аяктагандан кийинки чырда жети адам жараат алып, алардын бир ооруканага жаткырылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ош облусундагы Төлөйкөн ат майданындагы көкбөрү оюнунун соңунда чыккан жаңжалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү башталганын билдирди.

Милиция бул чырдан улам социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатканын, аны тараткандар мыйзамга ылайык жазаланарын эскертти.

"Оюнчулар арасында чатактан жабыркагандар жок. Териштирүү ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчыл аракеттерди жасагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Учурда социалдык тармактарда аймактар аралык кастыкты козуткан билдирүүлөр жарыяланып жатат. ИИМ андай материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Азыр чагымчыларды аныктоо чаралары көрүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу 25 адам Ош облустук милицияда сурак берип жатканы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын билдирген.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG