Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Көкбөрүдөгү жаңжалдан улам 25 адам милицияда сурак берип жатат


Көкбөрү оюнунан кийин. Ош.
Көкбөрү оюнунан кийин. Ош.

Оштогу көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу 25 адам облустук милицияда сурак берип жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш иши козголуп, козголбогону тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын билдирген.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG