Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте коррупцияга шек саналган дагы бир мектеп директору камалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы мектептердин биринин директору мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып камалганын билдирди. Анда бул мектепте ата-энелерден мыйзамсыз схеманын негизинде ыктыярдуу-милдеттүү түрдө 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин депозитке акча чогултулуп жатканы аныкталганын маалымдады.

"Мектеп директору окуучуларды кабыл алууда жана которууда мыйзамсыз схема уюштурган. Мындай аракеттерди мыйзамдаштыруу үчүн мектеп администрация талабы менен ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин депозитке салынган. Мындай жагдай президенттин № 136 жарлыгына карама-каршы келет. 30-августка карата атайын эсепке 40 миң акча салынган. Бул фактыдан улам Бишкектеги мектеп директорлорунун бири Т.Ч.Д. кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

УКМК 30-августта Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды 1-класска киргизүүдөгү коррупциялык схема аныкталып, эки адам камалганын билдирген. Анда Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси А.Г.М менен А.К.О. аттуу жаран тымызын келишип алып, балдарын мектепке жаңы киргизип жаткан ата-энелерден акча чогултуп алып жүргөнүн кабарлаган.

Мунун алдында УКМК Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалганын билдирген. Ал балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча жыйнаган коррупциялык схема түзүп алганын маалымдаган.

Билим берүү жана илим министрлиги жана шаардык мэрия бул фактыларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Анын негизинде мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга, коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган. Ага жол берген мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG