Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

Көкбөрүдөгү чыр: бир киши ооруканага жаткырылды, алты адам жабыркады


Көкбөрү оюнунан кийин. Ош.
Көкбөрү оюнунан кийин. Ош.

Ош облусунда көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалда жети адам жараат алды жана алардын бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

"Чыр болуп жатканда бир адам сабалган, ал укук коргоо органдарынын кызматкери экен. Ал Ош шаардык клиникалык ооруканага жаткырылды. Андан сырткары таш менен бири-бирин уруп атканда жаракат алгандар болгон экен. Ошол жерде эки чатырда медпункт ачылган, алты адам ал жерге кайрылып, амбулатордук жардам алып кетишти. "Тез жардамдын" машинасынын терезелерин таш менен уруп сындырып коюшту. Анын айдоочусу дагы жараат алган, ага дарыгерлер жардам беришти. Анын абалы жакшы",-деди Айгерчинова.

Айгерчинова оюн маалында аттан кулаган бир улакчы мээси чайкалган деген диагноз менен Ош облустар аралык клиникалык ооруканага жаткырылганын кошумчалады. Анын абалы туруктуу. Андан сырткары ошол күнү медпунктка жалпысынан 100дөй адам кайрылып, жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG