Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Жапаров менен Путин мектептердин курулушун баштоого онлайн катышат


Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү орус тилинде билим берүүчү 9 мектептин долбоору.
Орусия Кыргызстанга куруп берүүчү орус тилинде билим берүүчү 9 мектептин долбоору.

Кыргызстан жана Орусиянын президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстандагы кыргыз-орус мектептеринин курулушун баштоо иш-чарасына видеокөпүрө форматында катышат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына 1-сентябрда Орусия салып бергени жаткан үч мектептин курулушу расмий башталарын жазды.

"Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда биргелешкен курулуш долбоорлорунун башталышын билдирген алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салуу аземине видеокөпүрө форматында катышат. Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш долборлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат. Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү каралууда. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат",-деп жазды Султанбаев.

Орусия билим берүү долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда тогуз мектеп куруп берери былтыр жыл аягында белгилүү болгон. Анда бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү - Кыргызстан менен Орусиянын аттестаттарын алары айтылган.

Жогорку Кеңеш мектеп куруу тууралуу эки тараптуу макулдашууну июнь айында жактырган.

Учурда Бишкекте Орусия салып берген "Газпром" мектеби бар. Аны Министрлер кабинети өкмөттөр ортосундагы макулдашуунун негизинде "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берген. Буга чейин "Газпром-Кыргызстан" жылына 20,8 миллион сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG