Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Красноярскиде мигранттарга аскер комиссариаттарына чакыруу тапшырылды


Красноярскидеги базардагы рейд маалында тартылган сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.
Красноярскидеги базардагы рейд маалында тартылган сүрөт. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Орусиянын Красноярск шаарында полиция базарларда рейд жүргүзүп, анын алкагында 18 мурдагы мигрантка аскер комиссариатына чакыруу тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Полиция 200дөн көп адамдын документин текшерип, жүздөн ашуунун кармап кетти. Үч кишиге аскердик каттоого туруудан баш тартканы үчүн протокол түзүлдү.

Август айында полиция ушундай эле рейддерди Пермь, Челябинск, Новгород, Санкт-Петербург шаарларында, Свердлов жана Белгород облустарында өткөргөн. Анын алкагында орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн мигранттарды аныктап, аскер комиссариаттарына чакыруу тапшырышкан.

Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк адам орус жарандыгын алгандан кийин эки аптанын ичинде аскердик каттоого турууга милдеттүү.

Сентябрь айында Мамлекеттик Думада аскердик каттоодон жана мобилизациядан баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну караган мыйзам долбоору каралары күтүлүп жатат.

Орусиянын парламенти аскерге чакыруу боюнча мыйзамдарын катаалдатып, аскердик комиссариатка убагында келбегендерге айып пулду бир нече эсеге көбөйткөн.

Андан тышкары аскердик комиссиариатка чакыруу алган жаранга Орусиядан чыгууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG