Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети ачылды


"Бекабад" өткөомө бекети.
"Бекабад" өткөомө бекети.

1-сентябрда Кыргызстандын Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жердеги "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул өткөрмө бекети 2009-жылдан бери жабык турган. Анын ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленип, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары катышты.

Абсаттар Сыргабаев буга чейин чек аранын жабык турганы туугандык мамилелердин солгундашына, чек арадагы жакынкы аралыкка жетүү үчүн узак жол жүрүп түйшүк тартып келишкенин белгиледи.

"Бек-Абад" чек ара өткөрмө бекетинен жөө жүргүнчүлөр жана жеңил унаа каттамдары өтүүгө болот.

Сузактын жашоочулары буга чейин да бийликке кайрылып, "Бек-Абад" өткөрмө бекетин ачууну суранып келген. Алар өткөрмө бекеттин ачылса, Жалал-Абад-Ош багытындагы жол кыскара турганын, бул жергиликтүүлөр үчүн зарыл экенин айтышкан.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

XS
SM
MD
LG