Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

Талас милициясы интернеттеги видео териштирилип жатканын билдирди


Талас облустук милициясынын имараты.
Талас облустук милициясынын имараты.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 1-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

31-августта социалдык тармактарга тараган видеодо белгисиз адамдар үч жаранды Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал үчүн айыптап, сабап жатканын көрүүгө болот.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Ош облустук милициясы 1-сентябрда бул жаңжалга байланыштуу 25 адам милицияда сурак берип жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган.

Улуттук оюндан чыккан чууга байланыштуу социалдык тармакта талаш-талкуу болуп жатат.

Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG