Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Тажик-ооган чек арасындагы базарлар кайрадан ачылууда

Тоолуу Бадахшан администрациясы 2-сентябрда жарыялаган сүрөт.
Тоолуу Бадахшан администрациясы 2-сентябрда жарыялаган сүрөт.

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагындагы базарлары кайрадан иштей баштаганын “Азаттыктын” тажик кызматы 2-сентябрда билдирди. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчилиги тажик-ооган чек арасындагы Хорог шаарынын Тем кичи районунда жана Дарваз, Ванж, Ишкашим райондорундагы базарлар өлкө жетекчиси Эмомали Рахмондун тапшырмасына ылайык иштей баштай турганын, мындай кадам “эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакасын кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө болорун” маалымдады.

Ооганстанда 2021-жылы бийлик башына көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Тажикстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы келгенден бери ортодогу чек ара тилкеси жана ошол жерде иштеп келген базарлар жабык турган. Рахмон Ооганстандагы тажиктердин укугунун бузулушун сындап, бул өлкөдө инклюзивдик өкмөт түзүлүшүн гана колдой турганын айтып келген.

2-сентябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун төрагасынын биринчи орун басары Шарифхон Сафарзода жана башка расмий кызматкерлер “коңшу өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алып, базарда түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышканын” облус бийлиги билдирди.

Кыргызстандын түштүк тарабы менен чектеш Тажикстандын Ооганстан менен чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG