Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Израилде эритреялык качкындар башаламандык уюштурушту


Тель-Авив. 2023-жылдын 2-сентябры.
Тель-Авив. 2023-жылдын 2-сентябры.

Израилде 3-сентябрга караган түнү Эритреянын жарандары катышкан башаламандыкта 160 адам жабыркаганын, алардын 50гө жакыны тартип орнотууга аракет кылган полиция кызматкерлери экенин The Jerusalem Post басылмасы жазды.

2-сентябрда бир катар өлкөлөрдө Эритрея маданиятынын фестивалы уюштурулган. Бул күнү Тель-Авив шаарында саясий башпаанек сураган эритреялык качкындар топтолуп, өз өлкөсүнүн бийлигинин саясатына каршылыгын билдирип чыгышкан. Эритреянын Израилдеги элчилигинин алдына барганда алар өлкө бийлигин колдогон мекендештери менен чырдашып, башаламандык тутанып кеткен.

Урушкан тараптар бирине бири таш ыргытып, тегеректеги имараттардын айнектерин талкалап, таштанды салынган челектерди өрттөшкөн. Полиция аларга каршы союл жана кулак тундуруучу граната колдонду. 39 адам камакка алынды.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяху коопсуздук кызматтары менен чукул жыйын өткөрүп, башаламандык уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн, алар өлкөдөн чыгарыларын айтты.

Африканын чыгышында жайгашкан, калкы 4 миллиондун тегерегиндеги Эритреянын калкынын 70% жакырчылыкта жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG