Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Таласта жолоочуларды сабоого шек саналгандар эки айга камалды


Талас шаары
Талас шаары

Таласта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийин жолдон өтүп бараткан төрт адамды токтотуп, негизсиз сабоого шек саналган беш кишинин баш коргоо чарасы 3-сентябрда Бакай-Ата райондук сотунда каралып, 3-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" 4-сентябрда облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Буга чейин кармалгандарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен өлкө жетекчилерине кайрылган видеолор социалдык тармактарга тараган.

31-августтан 1-сентябрга караган түнү төрт адамды белгисиз жарандар коркутуп, уруп жаткан видео интернетке тараган. Анда жолоочуларга кол көтөргөндөр Ош облусунда Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө арналган көкбөрү оюнунун аягындагы чатак тууралуу сүйлөп жатканын угууга болот.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, видеодо бети канжалаган төрт жаран Ош облусунун тургундары болуп чыккан. Алар Орусиядан “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү автоунаа менен чыгып, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу үйүнө бара жаткан.

Милиция жолоочуларды коркутуп, сабоого шектүү Талас облусунун 1995-жылы туулган беш тургунун кармаган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн "Достук" жана "Ынтымак" командалары финалда ойногон. Чечүүчү кармашта "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган. Мындан кийин айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган.

Ош облустук милициясы жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам сурак берип, беш жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде ("Бейбаштык") кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги чырда жети адам жараат алганын, алардын бири күч органдарынын кызматкери болгонунун, ал "мээси чайкалган" деген диагноз менен ооруканага жаткырылганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен. (MKt)

XS
SM
MD
LG