Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жаза аткаруу кызматы Жээнбековдун кыйноого кабылганын төгүндөдү


Равшан Жээнбеков сот залында
Равшан Жээнбеков сот залында

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) саясатчы, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылганы тууралуу айткандарын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева 4-сентябрда "Азаттыкка" билдиргендей, абактарда кыйноого жол берилбейт.

"Абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармалат. Эч кандай кыйноолорго жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент да көзөмөлдөп турат", - деди Тургунбаева.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 1-сентябрь күнү кыйноого кабылып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазып, Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчыга институтуна, укук коргоочуларга кайрылган.

Жээнбеков тергөө абагынын кызматкерлери ал жаткан жерди себепсиз тинтип, өзүн сыз, муздак, шарты жок камерага камашканын, ден соолугу мындай камерада кармаганга жол бербесин маалымдаган. Саясатчы мындай мамилени "тергөө абагынын жетекчилери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) буйругу менен жасап жатышат" деп белгилеген.

Жээнбековдун билдирүүсүнө УКМК жооп бере элек.

Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип, кийин камалган отузга жакын адамдын бири. Алар 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Айыпталгандар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG