Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 22…24 градус жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG